Кореялык фонд аймактардагы мектептерге 3 автобус белек кылат

Кореялык фонд аймактардагы мектептерге 3 автобус белек кылат

Кореянын “Бабсанг-Ентан Ынхенг” коомдук кайрымдуулук фондунун Кыргызстандын алыскы айылдарындагы мектеп окуучулары үчүн 3 автобус белек кылат. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин депутаты  Руслан Жакышев аталган коомдук кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү жана Кореянын белгилүү ырчы, актрисасы Чонг Эри жана журналисттери менен жолугушуу учурунда белгилүу болду.

Депутат Кыргызстан элинин бакубатчылыгы үчүн кайрымдуулук фондунун жасап жаткан иштерине ыраазылык билдирди.

“Талас облусунда  муктаждарды көмүр менен камсыздап, 500 үй-бүлөгө жылуулук тартууладыңыздар.  Билим берүү тармагында, мектепке эң керектүү болгон компьютерлер алынды. Эң негизгиси сиздердин салым менен Бакай-Ата районунда ички жолдор ондолду.  Бул иштер үчүн Талас эли сиздерге ыраазылык билдирип жатышат”,- деди Руслан Жакышев.

Өз кезегинде “Бабсанг-Ентан Ынхенг” коомдук кайрымдуулук фондунун төрагасы Хие Ги Бок кыргыз-корей кызматташтыгынын жаңы жолун ачып, Кыргызстандын  алыскы айылдарындагы мектеп окуучулары үчүн 3 автобус белек кыларын билдирди.

Жакышев кореялык журналисттердин суроолоруна жооп берип, коомдук кайрымдуулук фонду менен 2017-жылы  Бишкек шаардык кеңеште депутат болуп турган  учурдан бери тыгыз кызматташып келгенин билдирди.

Белгилей кетсек, “Бабсанг-Ентан Ынхенг” коомдук кайрымдуулук фонду 1998-жылы түптөлгөн. Алар   социалдык салым аркылуу  дүйнөнү жылытуу, токчулук алып келүү идеологиясын туу тутат.  Жалпысынан коомдук фонддо 500 000 ыктыярчы иштейт. Өз ишмердигинде фонд 46 миң үй-бүлөгө көмүр брикеттерин тараткан. Андан тышкары азык-түлүк, үйлөрдү акысыз оңдоп берүү, карыяларга кам көрүү сындуу камкордук долбоорлорун  жүзөгө ашырып келет. Ошондой эле, жакырчылыкты жоюу, оор кырдаалдан чыгуу боюнча агартуучулук иштерин да жүргүзөт.

Жолугушуу соңунда белек тапшыруу аземи болуп, депутат Руслан Жакышев конокторго Жогорку Кеңештин төрагасынын ыраазылык катын тапшырды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>