Чүйдөн Таласка альтернативалык жол салууга канча акча кетери айтылды

Чүйдөн Таласка альтернативалык жол салууга канча акча кетери айтылды

Чүйдөн Таласка Ашуу-Төр аймагы аркылуу өткөн альтернативалык жолду салууга жалпы 280 млн доллар талап кылынат. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында транспорт министри Тилек Текебаев билдирди.

Белгилүү болгондой, Таластын тургундары тарабынан Чүйдөн Таласка альтернативалык жолду салуу планын карап көрүү маселеси көтөрүлгөн. Аталган жол Чүйдөн Таласка Ашуу-Төр аймагы аркылуу өтөт. Ал жол Таластын башында жайгашкан Көпүрө-Базар айылынан чыгат. Бул жол салынса, Таласка каттаган адамдар Төө-Ашуу менен Өтмөктү ашып отурбайт жана жол кыйла кыскарат.

Министрдин айтымында, альтернативалык катары айтылып жаткан бул жолдун болжолдуу узундугу 90 чакырымды түзөт.

«Кыш мезгилинде кар көчкү түшүүсү көп болгондуктан жана бийиктиги 3,8 миң метр ашуудан өткөндүктөн 3,4-4 чакырымга тоннель жана галереяларды куруу керек. Учурда анын болжолдуу баасы 130 млн долларды түзөт. Ал эми, тоннелди курууга болжолдуу түрдө 150 млн доллар сарпаталат. Болжол менен жалпы 280 млн талап кылынат», — деди ал.

Анын айтымында, картографиялык маалыматтарга ылайык, салына турган жолдун нугу татаал жерде жайгашкандыктан, ал жакта сел, жер, кар көчкү кооптуулугу чоң.

Ошол эле учурда ал билдиргендей, июль айында жерине министрликтин кызматкерлери барып, кошумча маалымат чогултуп, анализ жүргүзөт. Аталган иштерден кийин техникалык-экономикалык негиздеме боюнча жол максатка ылайык деп табылса, өнүкурүү планына киргизилет. Ал эми терс корутунду берилсе, жол салынбайт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>