Экономика министринин жети орун басары бар экен, — депутат (видео)

Экономика министринин жети орун басары бар экен, — депутат (видео)

Экономика министрлигинде жумуш абдан начар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди.

Анын айтымында, министр Данияр Амангелдиев абдан аракет кылып жатат, бирок жумушунда майнап жок.

“Экономика министринин жети орун басары бар экен. Ошондойбу?”, — деп депутат министрдин орун басары Чоро Сейитовдон сурады.

Ал өз кезегинде алты орун басар бар экенин айтып, “Бизге Туризм департаменти кошулган, анын директору министрдин орун басары катары эсептелет”, — деп жооп берди.

“Борбордук аппаратта 208 адам иштейт экен. Айлыктары башка министрликтерге салыштырмалуу жогору. Бир жылдык бюджети жарым миллиард  сомго жакын. 2022-жылы министрликке 473 млн сом каралган. Ал эми чет элдик иш сапарлары үчүн 18 млн сом бөлүнгөн. Акчаны кетиришет, майнап жок. Бул мамлекеттин акчасы, муну Акылбек Үчөнбекович Жапаровду чакырып, оптимизация кылуу керек. Элдин акчасын элге жумшаш керек”, — деди Жеңишбек Токторбаев.

Ошондой эле, ал Экономика министрлигинин аткарып жаткан иштерин кароо керектигин белгиледи.

Жыйында “Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө” мыйзамынын аткарылуусу жана өнөр жай ишканалары үчүн керектүү товарларды алып келүү, аларга кызмат көрсөтүүлөр боюнча аткарылган иш-чаралар жөнүндө”  маселе каралып жаткан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>