Коронавирус 124 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза болду

Коронавирус 124 адамдан аныкталып, 2 бейтап каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 124 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 4749 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлүп, Бишкек шаарында оору көп аныкталса, Ош шаарында Баткен, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында катталган эмес. Ошондой эле инфекция 3 медицина кызматкеринен табылган.

Алар:

Бишкек шаарында – 77;

Чүй облусунда – 43;

Ош облусунда – 1;

Ысык-Көл облусунда – 3;

Нарын облусунда – 3;

Жалал-Абад облусунда – 3.

 

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 117 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 1, Чүйдө 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 89 миң 277 адамдан аныкталды. Анын ичинен 85 миң 388 бейтап айыгып, 1 миң 509 киши каза болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>