Коронавирус. Нак акча колдонууда этият болуу керек

Коронавирус. Нак акча колдонууда этият болуу керек

Кыргыз Улуттук банкы нак акча колдонууда этият болууга чакырды. Нак акчалар дүйнө жүзүндө микроб ташуучу заттардын бири болуп саналат. Акча колдон-колго өтүп, өзүнө ар кандай вирус, бактерия жана микробдорду топтойт.

Коронавирус дагы башка вирустар сыяктуу эле монеталардын, кагаздын, смартфондордун, пластик карталардын, капчыктын жана башка буюмдардын беттеринде болушу мүмкүн. Андыктан соода кылууда же акча каражаты менен башка иш жүргүзүүдө абайлоо зарыл.

Сактануунун эң жөнөкөй эрежеси, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарына ылайык–жеке гигиенага кылдат көңүл буруу керек. Нак акчаларды кармагандан кийин колду таза кармоо, колду самындап жууп туруу же антисептик колдонуу.

Улуттук банк мүмкүн болсо, үйдөн чыкпай, интернет банкинг аркылуу төлөм карттын жардамы менен төлөм жүргүзүүнү сунуштайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>