Сузакта кошунасын кетмен менен башка урган жаранга сот өкүмү чыкты

Сузакта кошунасын кетмен менен башка урган жаранга сот өкүмү чыкты

Жалал-Абад облусунда кошунасын кетмен менен башка урган жаранга сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Жогорку соттун сайтында айтылат.

Аталган иш Сузак райондук сотунда каралып, өкүм 15-февралда чыккан.

Окуя былтыр 13-ноябрда болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал күнү болжол менен саат 15:40та Бектур (аттары өзгөртүлдү) кошунасы Айбек менен сөз талаша кетип, аны кетмен менен башка урган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Айбек жеңил жаракат алган.

Бектур сотто берген көрсөтмөсүндө, күнөөсүн мойнуна алган эмес. Анын айтымында, ошол күнү ал кошунасы Айбектин короосу менен үйүн бөлүп турган жерге пайдубал куюп жаткан. Ошол маалда, Айбек менен анын аялы Айнура, уулу Урмат келип, ортодо кайым-айтыш болуп, кошунасы баласы менен ага асылышкан. Бирок, ага карабай, ал үйүнө кетип калган. Кошунасы Айбекти урган эмес.

Жабырлануучу Айбектин айтымында, 13-ноябрда алар кошунасы Бектур пайдубал куюп жатканын көрүшүп, аялы Айнура «фундамент аларга тоскоолдук кылбасын» деп айтууга кеткен. Аялы барып, айтканда, кошунасы аны тилдеген. Андан кийин апасынын артынан уулу Урмат барганда, кошунасы аны кетмен урган. Бирок ал тийбей калган. Ошондо, Айбек өзү барып, «эмне уруп жатасың» дегенде, Бектур аны башка урган. Натыйжада анын башынын териси жарылып, кан ага баштаганда, ооруканага кайрылган.

Сот тараптарды угуп, айыпталуучуну Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (Ден соолукка жеңил залал келтирүү) боюнча күнөөлүү деп тапкан. Аталган беренеде жаза катары 200 миңден 500 миң сомго чейин айып пул же 40 сааттан 100 сатка чейин коомдук иштерге тартуу каралган.

Сот айыпталуучу көп балалуу экенин эске алып, аны коомдук иштерге тартуу түрүндө жаза белгилөөнү туура тапкан. Соттун өкүмүнө ылайык, ал 80 сааттык коомдук жумуштарды аткарууга милдеттендирилген.

Өкүмгө нааразы тараптар 30 күн аралыгында облустук сотко кайрыла алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>