Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Египеттеги мелдеш: Балбан Абдуллаев жарым финалга чыкты
23.02.2023 | 16:59
Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг) Египеттеги Ibrahim Moustafa мелдешинин жарым финалына чыкты.
Ал килем үстүнө бүгүн, 23-февралда чыгып, таймашты квалицификациялык раунддан баштады. Биринчи беттешинде ал тажикстандык балбан Асламжон Азизовду 10:1 эсебинде жеңди.
Андан кийин чейрек финалда египеттик Ахмед Багдуда менен күч сынашып, аны 7:4 эсебинде утту.
Эми жарым финалда ал түркиялык Керем Камал менен күрөшөт.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш 23-26-февраль күндөрү Александрия шаарында болуп өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз