АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
КР Саламаттык сактоо министри инфаркт алган 87 жаштагы бейтаптын өмүрүн сактап калууга жардам берди
15.08.2026 | 11:10

Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов миокарддын курч инфаркты менен түшкөн 87 жаштагы бейтапка жеке өзү стенттөө жүргүздү (стент койду). Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.

Мекеменин маалыматы боюнча, 14-августта Осмонов Улуттук кардиология жана терапия борборунун кардиохирургия бөлүмүндөгү оңдоо иштеринин жүрүшү менен пландан тышкары таанышып жаткан маалда, ал жакка улгайган аял шашылыш түрдө алынып келинген.

Бейтап өтө оор абалда келип түшкөн жана тез арада жогорку технологиялык медициналык жардамга муктаж болгон.

Министр дарылоону уюштуруу ишине кошулуп, инфарктка себеп болгон коронардык артерияга жеке өзү стент коюу операциясын жасаган.
Саламаттык сактоо министрлигинен белгилешкендей, бейтапка стенттөө миокарддын курч инфаркты учурунда жардам көрсөтүү боюнча «ОИМ 24/7» программасынын алкагында акысыз жасалды.