КРВИ менен сасык тумоонун сезондук күч алуусу жүрүүдө

КРВИ менен сасык тумоонун сезондук күч алуусу жүрүүдө

КРВИ менен сасык тумоонун сезондук күч алуусу жүрүүдө. COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка караганда, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына күн сайын орто эсеп менен 300гө жакын бейтап кайрылат. Алардын көпчүлүгү амбулатордук түрдө дарыланып жатышат. Стационардык дарылоо көрсөтүлгөндөр ооруканага жаткырылууда. Бул тууралуу РКИБ амбулатордук-диагностикалык бөлүмүнүн башчысы Нургүл Молдолиева билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында стационардык дарыланууда 547 бейтап бар, алардын ичинен респиратордук инфекциялар менен – 372, анын ичинде 357си балдар. Ооруканада кошумча орундар даярдалган.

«Учурда КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын сезондук өсүшү жүрүүдө. Оору аба аркылуу – жөтөлгөндө, кучакташуу, өбүү ж.б. учурларда жугат. Адамдар бүтүндөй үй-бүлөлөрү менен кайрылышууда, бул жөнөкөй санитардык ченемдер сакталбай жатканынан кабар берет. Биз жарандарды алдын алууга чакырабыз. Ошондой эле узун кезектерге жана оорунун жайылуусунун кошумча тобокелдиктерине жол бербөө үчүн биринчи кезекте телефон аркылуу үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылууну же дарыгерди үйгө чакырууну сунуштайбыз. Ал бейтаптын абалын жана ооруканага жаткыруу зарылдыгын аныктайт», -деди Молдолиева.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>