IV ДКО: Түркияга көк бөрү курамасынын жардамчы курамы барбай калган

IV ДКО: Түркияга көк бөрү курамасынын жардамчы курамы барбай калган

Быйыл Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көк бөрү менен көкпар боюнча курамасынын жардамчы курамы барбай калган, алардын ордуна башка адамдар барган. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Алардын айтымында, жардамчы курам (саяпкер, ветеринар ж.б.) аталган курамалар менен Ысык-Көлдө даярданып, Түркияга барууга камынып жатышкан. Бирок Түркияга кетердин алдында, аларга Көчмөндөр оюндарына барбай тургандыгы айтылган. Алардын ордуна Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясындагы адамдар көк бөрүгө тиешеси жок адамдарды алып барган.

Ошондой эле, алар билдиргендей, Түркияга баргандан кийин көк бөрү менен көкпар боюнча курамалардын оюнчуларына бирдей мамиле жасалган эмес. Маселен, көк бөрүнүн курамасын 5 жылдыздуу мейманканага, ал эми көкпардын курамасын контейнерге жайгаштырып коюшкан.

Маалым болгондой, Түркияга улакчылар менен бирге барбай калгандардын арасында саяпкер Таалай Мырсаканов бар.

Алар макалада айтылгандарды расмий кайрылуу катары карап, укук коргоо органдарын, анын ичинде Башкы прокуратураны териштирүү иштерин жүргүзүүсүн өтүнөт.

Эскерте кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин болуп өткөн. Көк бөрү боюнча мелдеште Кыргызстандын курамасы жеңүүчү болсо, көкпардан Казакстандын оюнчулары күчтүү чыккан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ОКУЯЛАР , САЯСАТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>