«Манас» университети мыйзамсыз курулуш боюнча айыптоолорго жооп берди — кененирээкМанасчы, бүркүттөр жана боз үйлөр: Грузиянын премьер-министрин Ысык-Көлдө кандай тосуп алышты — сүрөтЕкатеринбургдагы жол кырсыгы: Кыргызстандык айдоочу буга чейин жол эрежесин алты жолу бузганБорбордук Азияда Эль-Ниньодон улам нөшөрлөгөн жаан жана жер көчкү коркунучу бар — ДМӨКыргызстандык Соттук-эксперттик кызматтын эксперттери Казакстанда стажировкадан өтүштүОрусияда кыргызстандык кармалды — жол кырсыгын жасаган деп шектелүүдө, каза болгондор бар
КТРК: Бактияр Алиев кетти. Ордуна Кайрат Иманалиев келеби?
15.10.2021 | 14:26
Коомдук теле радио берүү корпорациясынын башкы директору Бактияр Алиев кызматтан кетти. Бул туурасында аталган теле каналдын байкоочу кеңешинин мүчөсү Игорь Щестаков Reporter.kg′ге тастыктады.
Анын ордуна экс-Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев келип калышы мүмкүндүгүн Reporter.kg′ге өздүк булактар билдирди.
Бактияр Алиев бул кызматка 2020-жылы октябрь айында келген. Ал эми Кайрат Иманалиев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлик кызматынан жакында эле кеткен болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат