Кулов, Орозалиев. Бишкекте генералдар ишембиликке чыкты

Кулов, Орозалиев. Бишкекте генералдар ишембиликке чыкты

ИИМдин медициналык башкармалыгынын имаратынын аймагында кыргыз милициясынын генералдары катышкан ишембилик болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ишембиликке ички иштер министри Улан Ниязбеков, Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, генералдар Феликс Кулов, Бексултан Ишимов, Тилек Асаналиев, Абдыкапар Мавлянов, Алымбай Султанов, Шейшенбек Байзаков, Бактыбек Алымбеков, Осмонали Гуронов, Мирлан Каниметов, Алмаз Орозалиев, Медициналык башкармалыктын начальнигини милдетин аткаруучу  Эркинбек Жээнмуратов жана дарыгерлер катышып, айлана-тегеректи иреттеп-тазалоо, бактарды кыркуу, актоо, корооонун ичиндеги тийиштүү аянттарды көрктөндүрүү иштерин жүргүзгөн.

«Биз Кыргызстандын президенти тарабынан башталган «Таза Мурас» акциясын колдойбуз жана бүгүн  медицина башкармалыгынын имаратын ремонттого, айлана-тегерегин тазалоого, жашылдандырууга аракет жасоо менен бирдикте экологияга кам көрүү, тазалыкты жана кызматкерлерге жагымдуу шарттарды түзүүгө салым кошуп, башкармалыкка керектүү шаймандарды жана көрктөндүрүүгө керектүү материалдарды алып бердик. Мына өзүбүз келип ишембиликке катышып, жарандык активдүүлүгүбүздү көрсөтүп четте карап турбадык. Кызматкерлердин ден соолугуна кам көрүп, күнү-түнү иштеп жаткан ак халатчан дарыгерлерге да ыраазычылык билдиребиз» — дейт Садырбек Дубанаев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>