Алтын, бриллиант сөйкө-шакек, 542 миң сом уурдалган. Шектүү кармалды

Алтын, бриллиант сөйкө-шакек, 542 миң сом уурдалган. Шектүү кармалды

Ош шаарында акча, телефон жана зер буюмдарды уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга шаар тургуну кайрылып, 28-февралда түшкү маал белгисиз адам эч ким жокто үйүнө кирип, 542 миң сом, 350 миң теңге, алтын жана бриллианттан жасалган сөйкө-шакектерин жана 2 кол телефонун уурдап кеткендигин билдирген.

Болгон окуядан кийин милиция шектүүнүн өздүгүн аныктап, аны издөө иштери башталган. 20-мартта шектүү катары Өзгөн районунун 25 жаштагы Б.Т. уулу кармалып, соттун чечими менен камакка алынган.

«Шектүү өз көрсөтмөсүндө уурдалган акчаларды жана баалуу буюмдарды Бишкек шаарына алып барып, өз кызыкчылына жумшап, түрдүү эс алуучу жайларда иштетип жибергендигин билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилүүдө жана ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу иликтенүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>