«Кумтөр» иши боюнча Өмүрбек Бабанов акталып чыкты, — Ташиев

«Кумтөр» иши боюнча Өмүрбек Бабанов акталып чыкты, — Ташиев

«Кумтөр» кени боюнча кармалган адамдардын арасынан бир гана Өмүрбек Бабановдун күнөөсү жок экени аныкталды. Бул тууралуу 28-ноябрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Таластагы Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

«Кумтөр» маселеси боюнча биз эки президентти, төрт премьер-министрди, эки спикерди, ондон ашык мамлекеттик кызматкерлерди, жалпы 20га жакын жогорку кызматта иштеген чиновниктерди жоопко тарттык. Алардын иштерин изилдеп чыктык. Анын негизинде биз «Кумтөрдү» мамлекетке кайтарып алдык. Жоопко тарта турчу адамдардын катарында Өмүрбек Бабанов дагы болгон. Ал премьер-министр болуп тургандагы «Кумтөргө» байланыштуу жасаган иштерин текшерип чыктык. Ал биздин бекер мейманканабызга (ред: убактылуу кармоочу жай) дагы жатып чыккан. Ошончо чиновниктердин ичинен бир гана Өмүрбек Токтогулович кылган кылмышынын жоктугуна байланыштуу деген берене менен акталып чыкты», — деди Ташиев.

Белгилей кетсек, УКМК Өмүрбек Бабановду 2021-жылы 31-майда кармап, ага кылмыш ишин козгогон. Кийинчерээк Бабанов ден соолугуна байланыштуу абактан бошотулган болчу.

Бүгүн экс-премьер Өмүрбек Бабанов, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана парламенттин төрагасы Нурлан Шакиев Таластагы Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Өмүрбек Бабанов Таласта 1 млн долларга имарат салды

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>