Өмүрбек Бабанов Таласта 1 млн долларга имарат салды

Өмүрбек Бабанов Таласта 1 млн долларга имарат салды

Кыргызстан мурдагы өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана парламенттин төрагасы Нурлан Шакиев менен бирге Таластагы Аманбаев айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын ачылышына катышты.

Аталган имараттын аянты 780 чарчы метрди түзөт. Ал быйыл 1-июнда салына баштап, имараттын курулушуна Өмүрбек Бабанов тарабынан 1 млн доллар берилген. Заманбап үлгүдө салынган имаратта жергиликтүү бийлик менен калкты тейлөө борбору жана музей жайгашат.

Иш-чарада Шакиев сөз сүйлөп, Өмүрбек Бабановго ыраазычылык билдирген.

«Өлкөбүздөгү жаңыланууларга өз салымын кошуп, борбордон алыс жайгашкан Аманбаев айылына ушундай заманбап имаратты куруп берген Өмүрбек Бабановдун жасаган иши көпчүлүккө үлгү. Мындай демилгелер дагы улантылып, ийгиликтүү ишкерлерибиз, чыгаан уул-кыздарыбыз өз айылдарынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтөт деген ишеничтебиз. Анткени, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу менен алдыга жыла берсек, Кыргызстаныбыз кубаттуу, өнүккөн мамлекетке айланат», – деди ал.

Шакиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жардам катары Жогорку Кеңештин атынан 300 миң сомдук сертификат тапшырган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>