Бишкектин «Биримдик Кут» конушуна дагы бир мектеп автобусу берилдиБашкы прокуратура абаны булгаган компаниядан 132 млн сом өндүрдүАкылбек Жапаров Бишкекте метро куруу боюнча ТЭН даярдоону сунуштадыБишкекте Шакиранын концертине бир күндө 13 миңден ашык билет сатылдыЧоң-Капка өткөрмө бекетинен 1,3 млн сомдук эсепке алынбаган товарлар табылдыЖайылда 35 тонна дизелдик май ташыган бензовоз кырсыкка кабылып, Кара-Балта дарыясын булгады
Эртең Бишкектин айрым райондорунда муздак суу болбойт
04.04.2022 | 17:46
Эртең, 5-апрель борбор калаанын айрым аймактарында саат 9.00дөн 17.00гө чейин муздак суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская, Ала-Арча дарыясы, Жибек-Жолу, Жаш Гвардия, БЧК, Саадаев көчөлөрү менен чектешкен аймактарда суу өчүрүлөт.
Ошондой эле Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын бешик, Салам-Алик конуштарында да суу болбойт.
Сууну өчүрүүгө «Северный» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүн оңдоо иштери себеп болууда.
Шаар мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекемелерди ичүүчү сууну камдап алууну эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом