«Манас» аэропортунда жаңы күйүүчү май куюу комплекси ачылды

Бүгүн, 26-майда, «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында «Асман Ойл Компани» ишканасынынжаңы күйүүчү май куюу комплекси ишке кирди. Ишкана «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын туунду компаниясы болуп саналат.
Комплекстин курулушу 2022-жылдын май айында башталып, компаниянын өз каражаттарынын эсебинен каржыланган. Күйүүчү май сактагычтардын жалпы көлөмү 8 миң куб метрди түзөт. Жаңы объект өлкөнүн бардык аэропортторундагы учактардын күйүүчү майга болгон муктаждыгын камсыз кылат.
«Кыргызстан аэропортторунун» маалыматында, 2022–2025-жылдар аралыгында «Асман Ойл Компани» компаниясынын таза кирешеси 518 млн сомдон 1 млрд 205 млн сомго чейин өскөн.
Келечекте компания «Каракол» жана «Жалал-Абад» эл аралык аэропортторунда ушундай эле комплекстерди курууну пландаштырып жатат. Бул чаралар өлкөнүн авиация тармагынын инфраструктурасын чыңдоого багытталган.