Кумтөрдөгү жемкорлук: Теңиз Бөлтүрүк кармалды

Кумтөрдөгү жемкорлук: Теңиз Бөлтүрүк кармалды

Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүктү кармады. Маалыматты көзөмөл органы тастыктады.

Камсыздоо боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Джаналиева жана каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов да кармалган.

«Кармалгандардын бардыгы Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, тергөө иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин  Башкы прокуратура  «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен ишкананын башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча үч кылмыш ишин козгогон.  Маалым болгондой, «Кумтөр» жабык акционердик коомунун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында, алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>