Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Күн күркүрөп, шамал катуулайт: 12-июлга карата аба ырайынын божомолу
12.07.2026 | 10:00

Бүгүн, 12-июлда күндүз өлкө аймагынын басымдуу бөлүгүндө жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетип, күндүз кээ бир аймактарда 15–20 метрге чейин күчөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 18…23°C, күндүз 32…37°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 15…20°C, күндүз 30…35°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 20…25°C, күндүз 31…36°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 20…25°C, күндүз 31…36°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 20…25°C, күндүз 31…36°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17°C, күндүз 24…29°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 9…14°C, күндүз 22…27°C;
- Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 20…22°C, күндүз 34…36°C болот (күндүз кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн);
- Чолпон-Ата шаарында абанын температурасы түнкүсүн 15…17°C, күндүз 24…26°C болот (жаан-чачын күтүлбөйт).
Ысык-Көл көлүнүн түндүк жээгинде суунун температурасы 11-июль күнү эртең менен 20,1°Cду түздү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: погода