Кыргызстандын бийлиги Moody’s агенттиги менен республиканын кредиттик рейтингин жогорулатууну талкуулады

Кыргызстандын делегациясы Сингапурда Moody’s эл аралык рейтингдик агенттиги, каржы институттары жана инвесторлор менен жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы өлкөнүн кредиттик рейтингин жогорулатуу жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү келечеги болду.
Кыргыз тарап Moody’s агенттигине экономиканын абалы, түзүмдүк реформалар, өнөр жайды, туризмди, инфраструктураны жана инвестициялык климатты өнүктүрүү боюнча жаңыланган маалыматтарды сунуштады. Ошондой эле бийлик өкүлдөрү агенттиктин учурдагы рейтинги өлкөнүн экономикалык прогрессин толук чагылдырбайт деген пикирин билдиришти.
Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын ИДПсынын реалдуу өсүшү 2022 жана 2023-жылдары 9%ды, 2024-жылы 11,5%ды, 2025-жылы 11,1%ды түзсө, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 12,2%га жеткен.
Мындан тышкары, делегация Сингапурдун Валюталык башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугуп, тараптар банктык көзөмөл, каржы секторун санариптештирүү, эл аралык резервдерди башкаруу жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.
Институционалдык инвесторлор менен болгон сүйлөшүүлөрдө кыргыз тарап өлкөнүн инвестициялык дараметин, эл аралык капитал рынокторуна чыгуу тажрыйбасын жана кызматташуунун келечектүү багыттарын тааныштырды.
Сапардын жыйынтыгында тараптар каржы, банк жана инвестиция чөйрөлөрүндө кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.