Кунары качкан жерлерге мөмө жемиш бактарын тигүүгө уруксат берилет

Кунары качкан жерлерге мөмө жемиш бактарын тигүүгө уруксат берилет

Кунары качкан жерлерге мөмө жемиш бактарын тигүүгө уруксат берилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Жыйында “Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Мыйзам долбоорун 3-окууда кароого Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы Нурбек Алимбеков алып чыкты.

Мыйзам долбоорунун концепциясы менен асылдуулугу төмөн жайыт жерлерин өздөштүрүүгө көп жылга пайдаланууга берүү максаты коюлган. Тагыраак айтканда, бонитети төмөн жайыттарды көп жылдык мөмөлүү бак-дарактарды тигүү үчүн трансформациялоого багытталган. Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен айыл чарба жерлерин кыйла интенсивдүү пайдаланууга жетишилет. Асылдуулугу төмөн жайыттарда топурактын эрозиялык процесстери токтойт. Багбанчылык өнүгөт. Калк өз алдынча жумуш орундарын түзүп, алардын кирешелери өсөт.

Жыйын жүрүшүндө депутат Аалы Карашев жайыттар улуттук байлык экенин баса белгилеп, бул багытта кабыл алынган мыйзамдарды аткарууга кылдаттык  менен мамиле кылууга, эл менен кеӊешип иш алпарууга чакырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>