Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Күндүзү коркутуп, тоноп кеткен: Бишкекте каракчылыкка шектүү кармалды
12.05.2026 | 14:34

Бишкекте күндүз жаранды коркутуп, тоноп кетүүгө шектелип 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө жаран арыз менен кайрылган. Анда 11-майда болжол менен саат 14:00 чамасында Ак-Ордо конушунда белгисиз адам аны учтуу нерсе менен коркутуп, 2000 сом акчасын жана «Redmi 9A» телефонун тартып алганын айткан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Каракчылык» менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 22 жаштагы К.А. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар