Бишкек мэринин тургундар менен жолугушууларынын графиги өзгөртүлдү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тургундар менен жолугушуусунун графигине өзгөртүүлөр киргизилди. Тактап айтканда, шаар башчысынын Октябрь районунун жашоочулары менен жолугушуусу жылдырылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Буга чейин жарыялаган график боюнча Октябрь районундагы жолугушуулар 18-19-май күндөрү өтмөк. Эми иш-чара 20-21-май күндөрү өтөт.
Жолугушуулар төмөнкү график менен өтөт:
Свердлов району:
- 12-май, саат 16:00: Ч. Айтматов атындагы лицей (Широкая көчөсү, 1а).
Биринчи май району:
- 13-май, саат 16:00: М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети (Тоголок Молдо көчөсү, 58);
- 14-май, саат 16:00: «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борбору (Т. Абдумомунов көчөсү, 197).
Ленин району:
- 15-май, саат 16:00: К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети (Ч. Айтматов проспектиси, 24);
- 16-май, саат 16:00: Кыргыз улуттук университети (Фрунзе көчөсү, 547).
Октябрь району:
- 20-май, саат 16:00: «Таберик» залы (Байтик баатыр көчөсү, 17);
- 21-май, саат 16:00: «Ала-Too» эл аралык университети (Анкара көчөсү, 1/8).
Эске салсак, кечээ, 11-майдан тарта Жунушалиев шаар тургундары менен жолугушууларды өткөрө баштаган. Анын алкагында шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, муниципалдык кызматтардын иши жана тургундардын сунуштары талкууланууда.
Ушундай эле жолугушуулар өлкө боюнча аймактарда жана шаарларда өтүүдө. Анда облус башчылары, акимдер, мэрлер жана башка жетекчилер жергиликтүү калк менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, жеринде чечүүдө.