ТМУ өлкөлөрүнүн санарип экономика боюнча макулдашуусу ЖКда экинчи окууда каралууда

12.05.2026 | 13:40

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда электрондук сооданы, санарип төлөмдөрдү жана кагазсыз сооданы өнүктүрүүгө багытталган макулдашууну Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети экинчи окууда жактырды.

Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкөлөрдүн санарип экономика жаатындагы өнөктөштүк тууралуу макулдашуусу интернеттеги керектөөчүлөрдүн укуктарын, жеке маалыматтарды коргоону жана электрондук коммерция тармагында бизнес өкүлдөрүнүн кызматташтыгын кеңейтүүнү дагы камтыйт.

Мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде Кыргызстанда электрондук коммерция ылдам өнүгүп жатканы, бирок өлкө экономикасындагы үлүшү азырынча төмөн бойдон калып жатканы белгиленген. Учурда электрондук соода Кыргызстандын ИДПсынын болгону 0,3–0,5 пайызын түзөт. Салыштыруу үчүн айтсак, өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч 11 пайыздан ашат.

Аймактык көрсөткүчтөр боюнча дагы Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн артта калууда. Казакстанда электрондук коммерциянын үлүшү 13 пайызды, Орусияда 15 пайызды, Беларуста 6 пайызды түзөт. Ошол эле учурда Борбор Азияда электрондук соода эң ылдам өсүп жаткан тармактардын бири болуп саналат. Кыргызстанда рынок жылына болжол менен 25 пайызга, Казакстанда 22 пайызга, Өзбекстанда 40 пайызга өсүүдө.

Министрлер кабинети бул макулдашуу Кыргызстанга дүйнөлүк санарип экономикага активдүү интеграцияланууга жана онлайн-бизнес менен эл аралык соода үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жардам берет деп эсептейт.

Документ электрондук коммерция, экспресс-жеткирүү, электрондук төлөмдөр жана катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда санарип маалымат алмашуу маселелерин камтыйт. Бул чек ара аралык сооданы жеңилдетип, жарандардын онлайн-сатып алууларга болгон ишенимин арттырат деп күтүлүүдө.

Маалымкат-негиздемеде ошондой эле Кыргызстанда «Электрондук соода жөнүндө» мыйзам 2022-жылы күчүнө киргени эске салынган. Ал электрондук келишимдердин жана документтердин юридикалык күчүн, ошондой эле онлайн-сатып алуулардагы керектөөчүлөрдүн укуктарын бекиткен.

Scroll to Top