Курамында психотроп камтылган дары-дармек ташыгандар кармалды

Курамында психотроп камтылган дары-дармек ташыгандар кармалды

Кыргызстандын аймагында жүгүртүүгө тыюу салынган психотроптук заттарды камтыган дары-дармек каражаттарын жеткирүү менен алектенген эл аралык кылмыштуу топ аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, чогултулган материалдар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренесинин 1-бөлүгү (Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдардын контрабандасы) боюнча кылмыш иши козголду.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында жүктүн ээсинин бири Ю.С.И. аныкталып кармалып,  УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар адамдарды, ошондой эле КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>