Курьер болуп иштешчү: Татарстандагы түрмөдө 20 кыргыз жараны отурат

Курьер болуп иштешчү: Татарстандагы түрмөдө 20 кыргыз жараны отурат

Россия Федерациясына караштуу Татарстан Республикасындагы бир эле түзөтүү абагында кыргызстандык 20 жигит отурат. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин «Ыйман Нуру» фракциясынын жыйынында Орусияга иштегени кетип, түрмөгө түшүп калган кыргызстандык жарандын энеси Айнагүл Артыкчиева билдирди.

Анын айтымында, алардын асты 12-15 жылга чейин кесилип кеткен.

“2020-жылы уулум соттолгондон бери ушул иштин аркасынан жүрөм. Атайын топ түзүп, 2-3 киши менен баштадык эле. Учурда алардын саны 200дөн ашып кетти. Балдарыбыз 1-2 жылдан бери СИЗОдо отурушат. Жолугушууга бара элек ата-энелер бар. Биз бул көйгөй менен Орусиядагы Кыргызстандын элчилигине кайрылдык. Алар бизге жактоочу бергенден башка эч нерсе кыла алышкан жок. Жактоочу алдык, балдарыбыз соттолду. Курьердик иш кылганы үчүн эле ушундай мөөнөткө кесилип кетишти. Алардын документтери Бишкекке келди. Бизде Жогорку сотто бул мыйзамдарды карап чыгып, Орусияда 11 жылга кесилсе, бизде аны 3-4 бөлүгү кыскартылып, 7 жарым жылга кесишти”, — деди А.Артыкчиева.

Ошондой эле, ал Жогорку сотто кыргызстандык мигранттардын соттук иши каралганын анын ичинен бир-эки жарандын соттук иши айырмаланганын айтып, “мыйзам баарына бирдей иштебейби?” деген суроо узатты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Татарстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>