Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Курман айт күнү милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт
27.06.2023 | 15:07
Курман айтты майрамдоо учурунда милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздашат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
“28-июнь күнү Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленип жаткандыгына байланыштуу, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат. Аталган майрамдык иш-чарада коомдук тартипти сактоого республика боюнча 6 миңге жакын кызматкер тартылат”, – деп билдирет ИИМ.
Ошондой эле, 1 миңден ашык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тартылып, алар атайын посттордо иш алып барышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом