MEGA’нын мурдагы директору Азат Базаркулов кармалды

MEGA’нын мурдагы директору Азат Базаркулов кармалды

MEGA’нын («Альфа Телеком» ЖАК) мурдагы директору А.Б. (Азат Базаркулов) кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, «Альфа Телеком» ЖАКсында сатып алуулар системасындагы мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

«Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында «Альфа Телеком»ЖАКтын жооптуу адамдары жеке компаниялар менен алдын ала сүйлөшүп алып, алар үчүн жеңилдетилген шарттарды алдын ала даярдап, ошону менен тендерлерде көп учурда ошол компаниялар ута тургандай жеңишти камсыз кылып турушканы аныкталды», — деп билдирет УКМК.

Атайын кызматтан билдиришкендей, иштин жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, сатылып алынган техниканын баасы жогорулатылганы, анын натыйжасында мамлекетке миллиондогон зыян келтирилгени ачыкталган.

Азат Базаркулов аталган иш боюнча шектүү катары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>