Сот департаментинин Жалал-Абаддагы эки адиси кармалды

Сот департаментинин Жалал-Абаддагы эки адиси кармалды

2023-жылдын 26-июнунда Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө боюнча адиси К.Р.С. жана башкы адиси А.Д.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абад областы боюнча сот департаментинин жетекчилиги өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдаланып, материалдык пайда табуу максатында курулуш компанияларынын биринин өкүлдөрү менен сүйлөшүп, “Майлуу-Суу шаардык сотунун административдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү” боюнча мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген подряддык иштер боюнча келишим түзүлгөнү аныкталды.

Комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгында аткарылган иштердин көлөмү ашыкча бааланганы, курулуш нормалары жана коопсуздуктун тиешелүү эрежелеринин талаптары одоно бузулганы такталды.

Сот системасынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджеттен төрт миллион (курулуш иштеринин көлөмүн ашыкча баалоо) сомго жакын каражат мыйзамсыз чыгарылган.

Учурда Сот департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери К.Р.С. жана А.Д.К. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>