Курман болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнө батир берүү сунушталды

Курман болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнө батир берүү сунушталды

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө батир берүүнү сунуштады.

Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча Баткендеги жаңжалдан улам 1,5 млрд сом чыгым келтирилди.

“Азыр көптөгөн каражат чогулуптур. Аларды дары-дармек сыяктуу майда-чүйдөгө жумшабай, батир курган компаниялар менен сүйлөшүп, курман болгон баатырлардын үй-бүлөлөрүнө батир алып берүүнү сунуштайм”, — деди депутат.

Ал Баткен облусуна өзүнчө бюджет каралашы керек деп эсептейт.

“Менимче жылына Баткенге делимитация жана деморкация маселелери үчүн бюджеттен 1,5 млн сом бөлүнөт. Менимче, Баткендин элине өзүнчө, эч ким тийбей турган бюджет каралышы керек. Азыр канчалаган имараттар жараксыз болуп калды. Эмдиги жылдын бюджетинен Баткенге өзүнчө берене менен каражат бөлүп берсек. Бул эл үчүн кесипдик болот”, — деди Эмил Жамгырчиев.

Ошондой эле, эл өкүлү жабыркаган балдар билим алуусун улантышы керектигин жана аларга шарт түзүп берүү керектигин кошумчалады.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза болуп, 198 адам жабыркады. Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда, бирок чыңалуу бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>