Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Курман болгон баатырлардын эрдиги бааланбай калбайт, – Жапаров
23.09.2022 | 12:36
Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгон жарандардын жакындарына жардам берилерин билдирди. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигине берген маегинде айтты.
— Баткенде акыркы окуяларда жабыркагандардын үйлөрүн калыбына келтирүү иштери кандай жүрөт? Суукта сыртта калып калышпайбы?
— Колдон келишинче тездетип бүтүрүп бергенге бардык күчүбүздү жумшайбыз. Жаңы жылга чейин бүткөнгө аракет кылабыз. Каражат жетиштүү. Казынабыз куру эмес. Андан сырткары, каза болгондордун баарынын жакындарына да жардам берилет.
Баарын тактап чыгып жардам беребиз. Балдарын кароосуз калтырбайбыз. Үйлөнбөй кеткендерге ата-энесине беребиз. Кыскасы баатыр балдарыбыздын эрдиги бааланбай калбайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар