Курман болгон жоокерлердин эрдиги даңазаланбай жатканы айтылды

Курман болгон жоокерлердин эрдиги даңазаланбай жатканы айтылды

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов былтыр 14-17-сентябрда Тажикстан кол салганда мекенин коргоп курман болгон жоокерлердин эрдигин чагылдырган тасма тартуу боюнча иштер жүргүзүлбөй жатканын сынга алды.

Анын айтымында, былтыркы чек арадагы куралдуу кагылыштан кийин мекен үчүн жанын берген баатырларга арналган мекенчилдик багыттагы тасмалар тартылсын деген протоколдук тапшырма берилген.

«Маданият министрлиги жана башка тиешелүү жекетчиликтер көңүл бурбай жатат. Эламан (Эламан Ураимов –ред.) жанындагы жоокерлерди кое берип, өзүн граната менен жардырып, душмандарды киргизбей, чепте коргоп калды. Ушул боюнча жакшы тасма тарткыла деп айтканбыз. Мамлекетибизде идеологиябыз туура жолгон түшкөндө, жаштарга жакшы тарбия берилгенде өнүгүү болот», — деди ал.

Эскерте кетсек, былтыр 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышта, Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстандан 62 адам, анын ичинде 50 аскер, 12 тургун каза болгон. Ошондой эле 205 адам, анын ичинде 151 аскер кызматкери, 54 турган жараат алган.

2022-жыл: Чек арада мекен үчүн курман болгон жоокерлердин тизмеси

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>