Жалал-Абадда 16 млн долларга текстиль ишканасы курулат

Жалал-Абадда 16 млн долларга текстиль ишканасы курулат

Өзбекстанга жумушчу сапары менен келген Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Кыргызстандын өкмөттүк делегациясынын мүчөлөрү Фергана жана Наманган облустарында жайгашкан Global Textile, Fazman Textile, Art Soft Holdings жана Iftihor Kiyim Sanoat ишканаларында болушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Global Textile» фабрикасынын иши менен таанышуу учурунда Акылбек Жапаров жеңил өнөр жайы Кыргызстандын экономикасынын динамикалуу өнүгүп жаткан тармактарынын бири экендигин белгилеген.

«Муну эске алуу менен Өзбекстан Республикасынын текстиль өндүрүшүнө инвестицияларды жана заманбап технологиялык чечимдерди тартуу боюнча тажрыйбасы биз үчүн өтө маанилүү. Биз ошондой эле өзүбүздүн узак мөөнөттүү заказчиктерибиздин катарына сиздер жигердүү жана ийгиликтүү кызматташып жаткан дүйнөлүк бренддерди тартуу менен өнүгүүбүз керек», — деди ал.

Белгилей кетсек, 2018-жылы ишке киргизилген «Global Textile» текстилдик ишканасы Өзбекстандагы дүйнөлүк сапаттагы жип жана трикотаж кездемелерин чыгаруу менен алектенген алдыңкы текстиль ишканаларынын бири болуп саналат.

Андан соң кыргызстандык делегация Art Soft Holdings жана Fazman Textile компанияларынын курамына кирген текстиль ишканасынын иши менен таанышып, ошондой эле республикадагы эркектердин кийимдерин өндүрүүчүлөр арасында лидер саналган (ADIM бренди) Iftihor Kiyim Sanoat ишканасынын жаңы өндүрүштүк комплексинин курулушу менен таанышкан.

Акылбек Жапаров жеңил өнөр жай ишканалары чыгарган продукциянын сапатын эл аралык сертификациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Мамлекет жана биздин ишкерлер бул жагына басым жасашы керек. Тийиштүү программалык камсыздоо менен жабдылган заманбап сапат боюнча лабораториялар өз продукциясын башка өлкөлөргө экспорттоого ниеттенген бардык ишканалар үчүн милдеттүү иш атрибуту болуп калышы керек», — деди ал.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын башында Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүшүн түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Анын алкагында Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду тарабынан Fazman Textile деңгээлине туура келген текстиль ишканасынын курулушуна 16 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөт, ал Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайгашмакчы.

Маалымдама: Fazman Textile текстиль фабрикасы 2022-жылдын соңунда ачылган, ал жылына 1 млн даанага чейин эркек, аял жана балдар үчүн костюмдарды чыгарат. Экспорттун көлөмү жылына 15 млн долларга бааланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>