Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Курсан Асанов ИИМдин имаратынан чыгып кетти
09.10.2020 | 13:37
Өлкөдөгү тынчтык жана туруктуулук үчүн Курсан Асанов ИИМдин имаратынан чыгып кетти. Бул тууралуу мекемеден кабарлашты.
«Өлкөдө курч саясий кырдаал түзүлгөн ушул октябрь күндөрү күч структуралары жана укук коргоо органдары саясаттан тышкары болуп, айрым топтордун өзүмчүл максаттарына жетүү куралы болбошу керек. Ички иштер министрлигинин өздүк курамы жана ички иштер башкармалыгынын ардагерлери митингге чыгышты, анткени максаты бир – өлкөдө тынчтык жана туруктуулук орнотуу. Буга байланыштуу Курсан Асанов министрликтин имаратынан чыгып кетти ”, – деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.
Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асанов 6-октябрда Бишкек шаарынын коменданты жана ички иштер министринин милдетин аткармай болгон.
Рубрики: Жаңылыктар