Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Кыргызстан ШКУ мамлекеттеринин окуучулары үчүн илимий-билим берүү лагерин өткөрөт
24.06.2026 | 10:15

5–20-июль күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн Эл аралык илимий-билим берүү лагери өткөрүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Иш-чара Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы президенттик «Акылман» лицейинде өтөт. Ага ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мектеп окуучулары, академиялык профессорлор, илимий насаатчылар, ошондой эле билим берүү жана илим тармагындагы мекемелердин өкүлдөрү катышат.
Министрлик бул лагерь билим жана тажрыйба алмашууга, илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзгөн аянтча болорун билдирди. Ал уюмга мүчө мамлекеттердин таланттуу жаштарынын достук байланыштарын чыңдоого да шарт түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим
Теги: ШКУ