Курсан Асановдун үнү деген видео боюнча ИИМ үн катты

Курсан Асановдун үнү деген видео боюнча ИИМ үн катты

Курсан Асановдун үнү менен коштолгон видео жазуу боюнча Ички иштер министрлиги маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, тергөө кызматынын өндүрүшүндө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган Жазык кодексинин 309-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча материалдар иликтенип жатат.

«Жалпыга маалымдоо каражаттарында К.Асановдун үнү менен коштолгон видео жаздырууларына жүргүзүлгөн “фоноскопиялык экспертиза” жөнүндө жарыяланган маалымат боюнча белгилеп кетебиз: бул экспертиза кошумча салыштырмалуу материалдары жок жүргүзүлгөндүгүн билдиребиз. Бул экспертизанын корутундусу “Адистин корутундусу” болуп саналат жана Кыргызcтандын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши боюнча далил катары таанылбайт»,- деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө органдары тарабынан тиешелүү экспертизаларды дайындоо жөнүндө маселе чечилүүдө, тактап айтканда “Лингвистикалык” жана “Фоноскопиялык” экспертизаларды салыштырмалуу материалдар менен гана жүргүзүү тиешелүү мамлекеттик эксперттик кызматтарга тапшырылат.

Кечээ, 6-октябрда Акыйкатчы Токон Мамытов Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына барган учурда Курсан Асанов акыйкатчыга бийликти күч менен басып алуу тууралуу делген аудио жазууга Россияда жана Казакстанда экспертиза жасалып, анын корутундусу боюнча аудио жазуу алты жеринен монтаждалганы аныкталганын айткан. 

14-сентябрда Ички иштер министрлиги Курсан Асанов “Бийликти күч менен басып алууга” шектелип кармалганын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>