Өзгөндүн Куршаб айылынын имамына тургундар токулуу ат мингизди

Өзгөндүн Куршаб айылынын имамына тургундар токулуу ат мингизди

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айыл өкмөтүндөгү борбордук мечиттин имамы, көп жылдардан бери диний кызматты аркалап келе жаткан Мубарак ажы Маразыковго жергиликтүү тургундар ыраазычылык катары токулуу тулпар мингизишти. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тапшыруу аземи 15-июлда өтүп, ага Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Калилидин ажы Исаков, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, имамдар жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Имам Мубарак ажы көп жылдардан бери ушул мечитте үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Ал жүрүм-туруму менен өзгөчөлөнгөн инсан. Кандай гана маселе болбосун, биз ал киши менен кеңешип иш алып барабыз. Ал мындан ары да талыкпай эмгектене берет деп ишенебиз», – деп билдирди жергиликтүү Асанбай аксакал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>