Курулуш компаниялары эми курулган имараттардын айланасын да көрктөндүрүүгө милдеттүү

02.06.2026 | 16:39
Курулуп жаткан көп кабаттуу имарат

Кыргызстанда курулуш компанияларына имараттарды кургандан кийин анын айланасын көрктөндүрүүгө милдеттендирген буйрук чыкты. Курулуш министри Нурдан Орунтаев кол койгон «Курулуш объекттерин ишке ашырууда жанында жайгашкан аймактарды көрктөндүрүүнү камсыз кылуу жөнүндөгү» буйрук ушул жылдын 1-июнунан тарта күчүнө кирди.

Ага ылайык, көп кабаттуу турак жайларды, коомдук, административдик, коммерциялык жана өндүрүштүк объектилерди курууда компаниялар ага чектеш аймактарды көрктөндүрүү боюнча иш-чараларды аткарууга милдеттүү. Алар:

  • кирүүчү жолдорду жана ички өтмөктөрдү куруу;
  • тротуарларды жана жөө адамдар үчүн өтмөктөрдү уюштуруу;
  • унаа токтотуучу жайларды түзүү;
  • тышкы жарыктандыруу системаларын орнотуу;
  • жаан-чачын жана жер үстүндөгү сууларды агызуу системаларын куруу;
  • жашылдандыруу иштерин жүргүзүү;
  • оор жүк ташуучу унаалар жана атайын техникалар тарабынан бузулган жолдорду оңдоо.

Буйрукка ылайык, көрктөндүрүү иштери курулушка бөлүнгөн жер тилкесинин ичинде гана эмес, зарыл болгон учурларда ага чектеш аймактарда да жүргүзүлөт.

Ошондой эле мындан ары Шаар куруу жана архитектура департаменти долбоорлорду кароодо аталган талаптардын камтылышын текшерет. Ал эми Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш процессинде бул иштердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Министрлик бул чаралар калктуу конуштардын инфраструктурасын жакшыртуу жана бирдиктүү системага келтирүү максатында кабыл алынды.

Scroll to Top