Бишкекте баңгизат саткан Telegram-дүкөн жок кылынды, өспүрүмдөр кармалды — видео

02.06.2026 | 17:07
Баңгизат таратууга шектүүлөр

Кыргызстанда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү синтетикалык баңгизаттарды ташып келүү жана жайылтуу каналына бөгөт коюшту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, баңгизаттарды интернет-дүкөндөр аркылуу жайылтуу менен алектенген трансулуттук топтун мүчөлөрү болушу мүмкүн деген шектүүлөр да кармалды.

Такталгандай, 20-майда КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, атайын кызматтын кызматкерлери SUM shop.kg Telegram-дүкөнү аркылуу көзөмөлдүк сатып алууну жүргүзүшкөн. Операциянын жүрүшүндө баңгизат алынып, анын акчасы электрондук капчык аркылуу төлөнгөн. Кийинчерээк Бишкектеги мейманканалардын биринде Кыргызстандын үч жараны — 2007-жылы туулган Ш.Д.Д., 2004-жылы туулган К.О.В. жана 2009-жылы туулган С.Е.Е. кармалган. Алардын жанынан синтетикалык баңгизаттын ири партиясы табылган.

Мындан тышкары, кармалгандардын биринин жашаган жеринен өзгөчө ири өлчөмдөгү синтетикалык баңгизат катылган жашыруун жайлар табылган.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Мекеме интернет аркылуу баңгизаттарды жайылтууга жашы жете электер жана жаштар барган сайын көп тартылып жатканына көңүл бурду. Ата-энелерди балдарынын кимдер менен аралашып жатканына, социалдык тармактардагы жана мессенджерлердеги активдүүлүгүнө көңүл бурууга, ошондой эле алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу кылмыштар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги 14 жаштан башталарын эскертти. Мыйзамга ылайык, мындай кылмышка баргандар мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.
Scroll to Top