Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөтСариев: Кыргызстан менен Казакстандын соодасы өсүүдө, бирок чек арадагы көйгөйлөр чечиле элек
Кыргызстанда жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт
07.10.2026 | 13:11

Кыргызстанда 30 жашка чейинки манасчылардын республикалык кароо-сынагы өткөрүлөт. Иш-чара Манасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына карата Кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан уюштурулууда.
Маданият министрлигинин маалыматында, сынактын максаты манасчылык өнөрдү өнүктүрүү жана жаш айтуучулардын чыгармачылыгын колдоо болуп саналат.
Таймаш эки айлампада өтөт:
- Биринчи айлампа 12-октябрда саат 09:00дө Кыргыз улуттук «Манас» театрында уюштурулат. Катышуучулар эркин темада 3–5 мүнөт «Манас» айтышат.
- Экинчи айлампа 22-октябрда саат 09:00дө Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында өтөт. Бул баскычта катышуучулар билет аркылуу берилген тема боюнча 3–5 мүнөт өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
Сынактын жеңүүчүлөрү калыстар тобу тарабынан аныкталат. Упайлар тең чыккан учурда кошумча суроолор берилет. Жеңүүчүлөргө байгелер жана белектер тапшырылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият