Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Кылычбек Саркарбаев кызматтан алынды
23.12.2020 | 14:35
Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы боюнча Ош шаардык комиссиясы Саркарбаевди кызматтан алуу боюнча сунуштама берип, анын негизинде иштен алынган.
Белгилей кетсек, 17-декабрда УКМК Кылычбек Саркарбаев аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен жакын алакада болгон деп кармаган.
Кийин Ош шаардык сотунун чечими менен тергөө иштери бүткөнгө чейин 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом