Гавайидеги жанар тоонун атылышы тасмага тартылды — видео

Гавайидеги жанар тоонун атылышы тасмага тартылды — видео

20-декабрда Гавайдагы Килауэа жанар тоосу атылып чыккан. Катаклизмди Doing Hawaii каналынын авторлору видеону YouTube аркылуу таркаткан.

Жергиликтүү бийлик жакынкы конуштардын жашоочуларына үйлөрүнөн чыкпоо керектигин, жанар тоолордун чыгышы алардын ден-соолугуна зыян келтириши мүмкүн деп эскертти. Гавайдын Вулкандык обсерваториясы 4,4 баллдык жер титирөө жана андан кийинки бир нече ирет аз баллдагы жер титирөөлөр катталгандыгын билдирди.

Обсерваториянын маалыматы боюнча, акыркы 20 жыл ичинде окумуштуулар жанар тоонун бул бөлүгүндө күчү 4 баллдан ашкан 30дан ашуун жер титирөөнү байкашкан. Расмий түрдө 1983-жылдан бери тынымсыз атылып келе жатат деп эсептешет, бул жердеги эң узун жарылуулардын бири.

2018-жылы Килауэа атылышы 700дөн ашуун үйдү кыйратып, жашоочулар эвакуацияга аргасыз болушкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>