Күн жылыйт. Кыргызстанда март айына күтүлгөн аба ырайы

Күн жылыйт. Кыргызстанда март айына күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет март айына карата Кыргызстанда аба ырайынын болжолун жарыялады. Абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын айлык көлөмү климаттык нормага жакын болушу күтүлөт.

Чүй облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан жогору болуп, абанын температурасы түнкүсүн -1…-6дан 4…9га чейин, күндүз 8…13төн 19…24кө чейин жылыйт. Кээ бир күндөрү 0…5 градуска төмөндөшү мүмкүн.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3…-8ден -2…-+3кө чейин, күндүз 2…7ден 11…16 градуска чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 0…-5ке чейин төмөндөшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Талас облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан жогору болуп, 2…4 градус болушу күтүлөт.

Абанын температурасы түнкүсүн -3…-8ден 2…7ге чейин, күндүз 7…12ден 16…21ге чейин жылыйт.  Кээ бир күндөрү 0…5ке чейин төмөндөшү мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Ош облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан жогору болуп, 6…8, тоо этектериндеги райондордо 4…6 градус жылуу болушу күтүлөт.

Абанын температурасы түнкүсүн -2…+3төн 5…10го чейин, күндүз 9…14төн 20…25ке чейин жогорулашы мүмкүн. Кээ бир күндөрү 1…6 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден 3…8ге чейин, күндүз +6…+11ден +15…+20га чейин жылыйт. Кээ бир күндөрү 0…5 градуска чейин төмөндөйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (өрөөндөрдө 53-91 мм, тоо этектериндеги райондордо 50-56 мм).

Жалал-Абад облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан жогору болуп, 6…8, тоо этектериндеги райондордо 4…6 градус жылуу болушу күтүлөт.

Абанын температурасы түнкүсүн -2…+3төн 5…10го чейин, күндүз 9…14төн 20…25ке чейин жогорулайт. Кээ бир күндөрү 1…6га чейин төмөндөйт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден 3…8ге чейин, күндүз 6…11ден 15…20га чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 0…5 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…+2ден 3…8ге чейин, күндүз 5…10дон 13…18ге чейин өзгөрүлүп турат.

Баткен облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан жогору болуп, 6…8, тоо этектериндеги райондордо 4…6 градус жылуу болот.

Абанын температурасы түнкүсүн -2…+3төн 5…10го чейин, күндүз 9…14төн 20…25ке чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү 1…6 градуска төмөндөшү мүмкүн.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден 3…8ге чейин, күндүз 6…11ден 15…20га чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү 0…5ке чейин төмөндөйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (өрөөндөрдө 25-27 мм, тоо этектериндеги райондордо 68-70 мм).

Ысык-Көл облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5ке жогору болуп, 1…3 градус жылуу болушу күтүлөт.

Абанын температурасы түнкүсүн -2…-7ден 1…6га чейин, күндүз абанын температурасы 2…7ден 10…15ке чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Нарын облусунда

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5га жогору болуп, 0…-2 градус суук, Кочкор районунда 0…2 болушу күтүлөт.

Абанын температурасы түнкүсүн 0…-5тен -7…-12ге чейин, күндүз 2…7ден 10…15ке чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>