Кадамжайда 14 жашар кызды өлтүргөн эки адамга сот өкүмү чыкты

Кадамжайда 14 жашар кызды өлтүргөн эки адамга сот өкүмү чыкты

Баткендин Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип кармалган эки адамга сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Баткен облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кадамжай райондук сотунун 7-февралдагы өкүмү менен Б.у.Э. Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү (Адам өлтүрүү), 154-беренесинин 2-бөлүгү (Зордуктоо), 155-беренесинин 2-бөлүгү (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) жана 165-беренесинин 2-бөлүгү (Адамды уурдоо) боюнча күнөөлүү деп табылып, Кылмыш-жаза кодексинин 108-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Балага дайындалуучу эркиндигинен ажыратуу (Кылмыштардын же өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоодо эркиндигинен ажыратуунун максималдуу мөөнөтү он жылдан ашпоого тийиш) негизинде 10 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Соттолуучу (2005-жылы туулган) кылмыш жасаган учурда 18 жашка толо элек болгондуктан, ага белгиленген жаза мөөнөтү 10 жылдан ашкан эмес.

Ошондой эле, Кадамжай райондук сотунун 28-февралдагы өкүмү менен Г.Д. Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүгү (Адамды уурдоо), 154-беренесинин 3-бөлүгү (Зордуктоо), 155-беренесинин 3-бөлүгү (Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер), 122-беренесинин 2-бөлүгү (Адам өлтүрүү), 180-беренесинин 3-бөлүгү (Баланы кылмыш жасоого тартуу) боюнча күнөөлүү деп табылып, Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо) негизинде мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратылган.

Эскерте кетсек, 4-сентябрь күнү 14 жаштагы кыздын сөөгү Кадамжайда сел өтүүчү тоннелдин ичинен колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда табылган.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кыздын өлүмүнө шектүү делип Халмион айыл аймагынын 1997-жылы туулган М.Ш., 1995-жылы туулган Г.Д. жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу тургундары кармалган. Андан кийин бул иш боюнча шектүү катары төртүнчү адам колго түшүрүлгөн.

Кийинчерээк аталган иш сотко өтүп, төрт шектүүгө айып тагылган.

3-декабрда шектүүлөрдүн экөө — 1997-жылы туулган Ш.М. жана 1998-жылы туулган А.у.С. Ош шаарындагы тергөө абагында асынган абалда табылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Баткен сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>