Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Кырчын жайлоосунда «Көчмөндөр ааламы» этно-шаарчасы ачылды
01.09.2026 | 12:58

Бүгүн, 1-сентябрдан тарта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда «Көчмөндөр ааламы» этно-шаарчасы өз ишин баштады. Учурда шаарчада этно-базар жана этно-ашкана ачылып, өзгөчө маанай тартуулап жатат.
Келген конокторго этно-базарда улуттук жана заманбап кол өнөрчүлүк буюмдары сунушталууда, ал эми этно-ашканада улуттук тамак-аштар даярдалып жатат.
Этно-шаарчанын расмий ачылышы 2-сентябрга белгиленген. Иш-чаранын алкагында маданий программалар, каада-салттарды, кол өнөрчүлүктү жана көчмөндөрдүн жашоо-турмушун таанытуучу аянтчалар уюштурулат.
Иш-чаралар 6-сентябрга чейин уланат. Этно-шаарчага кирүү акысыз.
Теги: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Кырчын