Кыргыз-казак чек арасында 180 фура кезек күтүп турат

Кыргыз-казак чек арасында 180 фура кезек күтүп турат

22-февраль  саат 10.30 карата кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын тыгыны байкалды. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө кезекте 180 оор жүк ташуучу автоунаа, анын алтымышы жүк үчүн жөнөтүү документтерин күтүп жатышат.

Жогорудагы өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын тыгыны жүк ташуулардын көбөйүшү менен байланыштуу.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны катталган жок.

Чек ара кызматы бош жүк ташуучу унаалар Кыргызстандан Казакстанга “Кең-Булуң-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу чыга алаарын эскертет.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>