Жалал-Абад: Кар көчкүнүн алдында калгандар изделип жатат

Жалал-Абад: Кар көчкүнүн алдында калгандар изделип жатат

2022-жылдын 21-февраль күнү кар көчкүнүн астында калган 4 жаранды издөө ишине ӨКМ тарабынан жеринде күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө. Куткаруучулар тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн, натыйжа болгон эмес. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 53 куткаруучу, 3 кинолог иттер менен, атайын издөө жана темир издөө каражаттары (металлоискатель) менен жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, 8 атайын техника тагыраак айтканда, эксковатор, бульдозер, грейдер жана унаа жүктөгүч  тартылган.

Гидрометеорология кызматынын адистеринин маалыматы боюнча болжол 1,5 млн (миллион) куб метрди түзөт. Издөө иштери жүргүзүлүп жаткан аймакта кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Ага карабастан куткаруучулар бүгүнкү күндө 20-30 метрге чейинки тереңдиктеги карды казып, издөө ишин улантууда.

Аталган аймакка2022-жылдын 14-февраль күнү болжол менен саат 12:30 чамасында Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунунун болжол менен 332-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) жайгашкан тоннелдин түндүк тарабында кар көчкү түшкөн. Кар көчкү “Чайна Роуд” ишканасына тиешелүү Нива унаасын, 1 даана жүктөгүч жана 2 даана экскаваторду басып калып, 3 киши дайынсыз болууда (1998-ж.т. К.А. кыргыз жараны, 1978-ж.т. С.С. жана 1979-ж.т. Х.Я. аттуу кытай жарандары).

Ошол эле күнүн, болжол саат 17:30 чамасында аталган унаа жолдун болжол менен 338-чакырымында (тоннелдин түштүк тарабы) кар көчкү түшүп, натыйжада 1 Пикап унаасын басып, ошондой эле 1 Пикап унаасын жана 1 вагонду сайга сүрүп кеткен. Натыйжада 3 адам (1956-ж.т. А.А., 1970-ж.т. К.Т. – эркек кишилер, Кыргызстандын жарандары жана 1968-ж.т. Л.З. – Кытай жарандары) жабыркап, 1987-ж.т. Л.Д. аттуу эркек киши, кытай жараны дайынсыз болууда.   

22-февраль күнү издөө жана тазалоо иштери улантылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>