Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
30.09.2022 | 10:40
Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт – унаа жолу” жана “Эркечтам – унаа жолу” өткөрмө бекеттери 1-3-октябрь күндөрү убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Чек ара кытай тараптын демилгеси менен “Кытай Эл Республикасынын түзүлүү күнү” мамлекеттик майрамынын белгилениши менен байланыштуу. Аталган чек ара бекеттери 4-октябрда кайра ачылат.
Чек ара кызматы кыргыз-кытай чек арасындагы эки чек ара бекети атайын алгоритм менен иштеп жатканын жана алар аркылуу товарларды гана алып өтүүгө болорун эскертет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом