Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” көзөмөл өткөрүү пункту ачылат

Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” көзөмөл өткөрүү пункту ачылат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сунь Хунмэй кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктунун ачылышына даярдык көрүү боюнча  жыйын өткөрдү. Бул тууралуу МинКабдын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктунун жана “Барскоон – Үчтурфан – Аксуу” багыты боюнча унаа жолдун курулушунун оң динамикасын белгилешти.

Ошондой эле жолугушуунун алкагында тараптар биргелешип курулуп жаткан инфраструктуралык объекттерди көрүп чыгышты.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын май айында президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жаңы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктун ачуу боюнча макулдашууга жетишилген.

“Бедел” көзөмөл өткөрүү пункту жакын арада ачылаары пландалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>