Кыргыз мамлекеттик спорт академиясы масштабдуу түрдө реконструкцияланат

Бишкек шаарындагы Б.Т. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында курулуш жана реконструкциялоо иштери башталды.
Курулуш министрлигинин маалыматында, долбоор олимпиадалык талаптарга ылайык иштелип чыккан. Курулуш-монтаждоо иштерин «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы аткарууда. Ал эми каржылоо Турукташтыруу фондунан бөлүнүүдө.
Долбоордун алкагында союз мезгилинен бери иштебей калган бассейн калыбына келтирилип, үстү жабылган заманбап спорттук комплекске айландырылат. Ошондой эле академиянын стадиону капиталдык оңдоодон өтөт. Мындан тышкары, окуу корпустарын, аудиторияларды жана башка көмөкчү жайларды куруу, инженердик коммуникацияларды тартуу жана аймакты көрктөндүрүү пландалууда.
Учурда объектиде эски имараттарды демонтаждоо иштери жүрүп жатканы айтылды.